СПИДге каршы күрөш. Координациялык кеңешке мүчө болгону мамлекеттик мекемелер менен иштөө кыйла жеңилдеди

Бүгүн, 1-декабрь — СПИДге каршы күрөшүү күнү. «Анти СПИД» ассоциациясынын аткаруучу директору Чынара Бакирова ВИЧ, СПИДге каршы кандай иш-аракеттер жүрүп жаткандыгын айтып берет.

Биздин ассоциациянын максаты – ВИЧ, СПИДдин алдын алуу жана жабыркаган адамдарга ар тараптуу жардам көрсөтүү. Ошондой эле ВИЧ менен жабыркагандардын жакындарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Биздин чоң жетишкендигибиз — 1990-жылдан бери ВИЧ менен жабыркаган жарандар Эл аралык уюмдардын колдоосу менен акысыз дары-дармектерди алышат.

2019-жылдан тарта мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды (МКЮЖ) өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңешме менен иштешип келебиз. Биздин ассоциация буга чейин деле бир топ иштерди жасап келген. Бирок, МКЮЖга мүчө болгондон кийин мамлекеттик мекемелер менен иштөө кыйла эле жеңилдеген. Мурда оңою менен кабыл албаган мамлекеттик мекемелер, кабыл ала баштады.  ВИЧ менен ооругандардын укугу көп жерде кордолуп, ар кандай дискриминацияга кабылышат. Мындай нерсени болтурбоо үчүн айланасындагы адамдардын колдоосу, көтөрмөлөөсү өтө маанилүү. Аларда, “менин оорум билинип калса уят болом” деген түшүнүк калыптанып калган.

Көбүнесе, иштебей үйдө отурган келиндер ВИЧти күйөөсүнөн жуктурса дагы эч кимге айта албай коркушат. Мисалы, былтыр карантин убагында бизге кайрылгандардын саны көп болду. Биз аларга Координациялык кеңешменин күчү менен юридикалык, психологиялык, гуманитардык жактан жардам көрсөттүк. Эсимде, бир келинди “батирдин акчасын төлөгөн жоксуң” деп батиринен чыгарып, болгон документтерин тартып алыптыр. Ал келиндин боюнда да бар экен. Биз ал келинди таап, азык-түлүк алып берип, МКЮЖны өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңешменин күчү менен документтерин кайтардык.

Дагы бир келиндин күйөөсү ичип алып, сабай берет экен. Аны милиция кызматкерлери кармап, эки сааттан кийин бошотуп коюшат. Ал бошонуп келип, кайра аялын сабайт. Ал келинге да Координациялык кеңешме менен биргеликте жардам бердик. Бирок, ал үй-бүлө кийин ажырашып кетишти.

Чынара Бакирова, “Анти-СПИД” ассоциациясынын аткаруучу директору

Бул материал ПРООН менен өнөктөштүктө даярдалды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты