Жапонияда кыргызстандык студенттердин ассоциациясы ачылды

  • 3 недели мурун

15-мартта Токио шаарында Кыргыз Республикасынын Жапониядагы элчиси Осоевдин катышуусу менен Япониядагы Кыргызстандын студенттер ассоциациясынын расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ассоциация Жапониядагы элчиликтин, “JASSO” уюмунун, Цукуба университетинин жана  өнөктөштөрдүн колдоосу менен, андагы Кыргызстандын студенттер жамааты тарабынан уюштурулган.

Студенттик ассоциация түзүүнүн максаты — Япониянын окуу жайларында окуп жаткан кыргызстандык студенттерди колдоо жана интеграциялоо, ошондой эле маданий жана академиялык тажрыйба алмашууга жана Японияда ыңгайлуу жашоого өбөлгө түзүү болуп саналат.

Ачылыш аземине 44 адам, катышты, 19 адам онлайн режиминде кошулду. Иш-чаранын конокторунун арасында Кыргызстандын жана Япониянын студенттери, андагы университеттердин өкүлдөрү, “JASSO” уюмунун өкүлдөрү жана Элчиликтин өнөктөштөрү болду.

Иш-чаранын конокторуна Кыргыз Республикасы тууралуу презентация тартууланды, ошондой эле улуттук аспаптарда ойноо, кыргыз ырларын жана “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү аткаруу менен маданий программа даярдалды.

Жапонияда кыргызстандык студенттердин ассоциациясы ачылды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты