SpaceX бир учурда 40тай жандоочун жоготуп аларын эскертти

  • 2 года мурун

SpaceX 3-февралда Falcon-9 ракетасы менен орбитага чыгарылган Starlink интернет-операторунун 49 спутнигинин 40тайын жоготуп алышы мүмкүн. Бул тууралуу америкалык корпорациянын расмий сайтындагы маалыматта айтылат.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Буга жандоочтор учурулгандан кийинки күнү болгон геомагниттик бороон себепкер. Корпорациянын спутниктери төмөнкү орбитада жайгаштырылган, бороон учурунда ал жакта атмосфера тыгыз болуп калат. Атмосферанын каршылыгы жарым эсеге көбөйүп, буга байланыштуу спутниктер керектүү траекторияга чыга албай калган.

SpaceX корпорациясынын эсебинде 40ка чукул спутник жер атмосферасына кирип келет же кирип келди. Алар жер менен кагылышканга чейин эле күйүп кетери божомолдонууда. Корпорациянын билдирүүсүндө спутниктер башка космостук объектилерге, кишилерге жана жаныбарларга коркунуч жаратпай турганы белгиленген.

SpaceX жер шарын ылдам интернет менен камсыздоо үчүн орбитага бийиктиги 550 чакырымдык 42 миң микроспутник чыгарууну пландоодо.

Ушул тапта орбитада бир жарым миңдей спутник жайгашкан. Корпорациянын 4408 жандооч чыгарууга уруксаты бар.

Сүрөттө: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты