Совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылган күнү: Президенттин кайрылуусу

  • 1 год мурун

Бүгүн, 15-февралда, Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылган күнү. Бул күндүн урматына президент Садыр Жапаров кайрылуу жолдоду.  

-Афганистан согушуна 7 миңден ашуун кыргызстандык жоокер катышкан. Алардын 300гө жакыны өлүмгө тике карап, баатырларча курман болгон. 1500 жоокер жарадар болсо, 4 жоокердин дайыны чыкпай калды.

Майдан талаасында көрсөткөн эрдиги үчүн 247 мекендешибиз СССРдин мамлекеттик жогорку сыйлыктары менен сыйланган. Биздин жердештерибиз кенже сержант Юрий Исламов менен капитан Сергей Гущин Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган.

Ошол кан күйгөн согуштун бардык азап-тозогун баштан кечирген жоокерлер, жалындаган уулдарынан ажыраган ата-энелер жана жалпы Кыргызстан эли Афганстан согушун эч качан унутпайт! Арадан канча мезгил өтсө дагы алардын каармандыгы кыргызстандыктардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат!-деп айтылат каайрылууда.

Архивдик сүрөттөр: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты