Соттор кеңеши Ош шаардык сотунун эки судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу чечимин кабыл алды

  • 3 месяца мурун

2-февралда соттор кеңешинин отурумунда Ош шаардык сотунун судьясы Нурлан Малдыбаевдин жана ошол эле шаардык соттун судьясы Нурлан Султаналиевдин өз каалоосу менен судьялык ыйгарым укуктарын токтотуу жана кызматынан бошотуу жөнүндө арыздарын каралды.

Соттор кеңеши арызды канааттандырып, президентке Нурлан Малдыбаевдин жана Нурлан Султаналиевдин судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунушун киргизди.

Тиешелүү чечим президентке жөнөтүлдү.

Бул тууралуу Соттор кеңешинин сайтында маалымат берилди.

Иллюстрациялык сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты