Соттолгон айрым адамдарга мунапыс берүү жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 23-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында Конституция кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс берүү жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды.

Мыйзам долбоору депутат Жусупбек Коргонбай уулу тарабынан демилгеленген.

Аталган мыйзам долбоору менен анча оор эмес жана оор кылмыштар үчүн соттолгон айрым адамдарды жазадан бошотуу сунушталат: 60 жаштан ашкан эркектерди жана ошондой эле 55 жаштан ашкан аялдарды; ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарды; жашы жетелек экиден кем эмес балдары же ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майып балдары бар, үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болуп саналган адамдарды.

Ошондой эле анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдарды; жалгыз бой энелерди, көп балалуу аялдарды; ушул мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазасынын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан аз мөөнөттү түзгөн аялдарды жана жашы жетелектерди бошотуу сунушталат.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты