Сотто Жоомарт Карабаевдин иши каралат

  • 1 год мурун

Бүгүн, 27-майда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Улуттук Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаевдин иши каралат. Ага өкүм чыгаруу күтүлүүдө.

Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

2024-жылы 31-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту эксперт Жоомарт Карабаевди үй камагына чыгарган.

Жоомарт Карабаев Илимдер академиясы тарабынан массалык башаламандыкка үндөө жана бийликти басып алуу боюнча политологиялык экспертиза жүргүзүүдө мыйзам бузуу жана экспертиза чыгарууда басым жасалганын айтып келген.

Жоомарт Карабаевге кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү, массалык баш аламандыкка чакырык боюнча айып тагылган. Ал Бишкектеги уактылуу камак жайында 4 айдан ашык камакта отурган жана эч жакка кетпөө кепилдиги менен үй камагына чыгарылган.

Сүрөттө: Жоомарт Карабаев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты