Сот Мадумаровдун өкүмгө каршы даттануу мөөнөтү боюнча арызын канааттандырды

Бүгүн, 22-майда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаровдун соттун өкүмүнө карата апелляциялык даттануунун мөөнөтү боюнча арызы канааттандырылды.

Эске салсак, Бишкек шаардык соту Мадумаров берген даттанууну «мөөнөтү өтүп кеткен» деген шылтоо менен кабыл албай кайтарып берген.

Оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров 26-апрелде камактан бошотулду.

26-мартта Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлуп жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес жана чечим мыйзамдуу күчүнө киргиче абакта калтырган. 

8-майда Адахан Мадумаровго карата Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берилген. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын Адахан Мадумаровдун Жогорку Кеңештин депутаты ыйгарым укуктарын токтотуу боюнча чечимине каршы арыз Бишкектин административдик сотунда 20-майда карала турган болду.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын андагы Адахан Мадумаровду 2-сентябрда Бишкекте ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча айып коюлуп жатканын айтып, билдирүү тараткан. “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен тергелип, өкүм чыгардын алдында ал “Бийликтен аша чабуу” беренесине алмашканы маалым болгон.

Мадумаровго «алдамчылык» беренеси боюнча дагы айып коюлган. Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган.

Сүрөт: Адахан Мадумаров камактан жаңы чыкканда. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты