Сот Камчыбек Жолдошбаевди камакка алуу чечимин чыгарды

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту экс-депутат, “Беш-Сары” жоопкерчилиги чектелген коомдун негиздөөчүсү Камчыбек Жолдошбаевди 19-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

«Беш-Сары» ЖЧКсынын негиздөөчүсү салык төлөөдөн качууга жана алдамчылыкка шектелип кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 21-февралда кармалган.

«Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жетекчиликтин көрсөтмөсү менен «Беш-Сары» ЖЧКсынын администрациясы көп жылдардан бери кош бухгалтердик эсепке алуу иштерин жүргүзүп келгени аныкталган.

Ижара келишимин түзүүдө формалдуу түрдө төмөндөтүлгөн сумма белгиленген, ал эми иш жүзүндөгү наркы расмий түрдө көрсөтүлгөндөн бир нече эсе жогору болгон. Реалдуу баанын өлчөмү соодагерлер үчүн сезилээрлик деңгээлде байкалып, бул базарда сатылып жаткан товарлардын кымбатташына да алып келгендиги белгиленген.

Ошондой эле «Беш-Сары» ЖЧКсынын бухгалтериясы салыктык отчеттуулук документтеринде соода жайлары үчүн алынган пайданы жасалма түрдө төмөндөтүп, салык органдарына жалган маалыматтарды берип келгендиги айтылган.

Сүрөттө: Камчыбек Жолдошбаев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты