Сот 13 жаштагы кызды зордуктоого шек саналган адамды сегиз жылга кести

  • 2 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-октябрда 13 жаштагы секелекти зордуктоого айыпталган төртүнчү адамга карата өкүм чыгарды. Ага ылайык, кылмышка шектүү сегиз жылга эркинен ажыратылды.

Судья ошондой эле айыпталуучуну жабыркаган тарапка моралдык кенемте катары 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Мамлекеттик айыптоочулар соттон айыпталуучуга тогуз жыл жаза сураган. Жабыркаган тараптын жактоочусу жазаны мүмкүн болушунча көп берүүнү өтүнгөн.

Секелектин зордукталышына байланыштуу сот жараяндары жабык өттү. Өкүм чыккандан кийин айыпталуучу тараптын жактоочулары комментарий берген жок.

Бул кылмыш иштин алкагында жалпысынан төрт кишиге — эки милиция кызматкери жана эки жаранга айып тагылган. 30-августта Свердлов райондук соту экт милиция кызматкерин 15 жылга, мурда соттолгон бир адамды 10 жылга кескен.

2-июлда «Азаттык» милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө «Кызымды колдон колго өткөрүшкөн» деген макала жарыялаган. Ушундан кийин аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабы коюлган акциялар Ички иштер министрлигинин алдында бир нече жолу уюштурулган.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген.

8-июлда ушул иш боюнча териштирүү жүрүп жаткан мезгилде Свердлов райондук сотунун алдында кыздардын укугун коргоо акциясы өткөн. Ага эки жүзгө жакын активисттер, укук коргоочулар катышты. Ушундай эле пикет Ош шаарында да шаардык милициянын алдында болгон. Алар Ички иштер министри балдарын, аялдардын укуктары тебеленип жатат деген негизде Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты