«Сорос-Кыргызстан» фонду искусство жаатында гранттык сынак жарыялады

  • 1 год мурун

“Сөз жана өзүн көрсөтүү эркиндиги” программалык багытынын алкагында «Сорос-Кыргызстан» фонду “Искусство актуалдуу социалдык көйгөйлөргө карата коомдук дискурстун калыптануусуна жол берген өзүн көрсөтүү ыкмасы катары” аттуу темага гранттык сынактын баш алуусу туурасында жарыялайт.  

Сынактын максаты: маалымдоого же креативдүү каражаттардын жана форматтардын жардамында, анын ичинде автордук көз караш жана тигил же бул теманын тегерегиндеги окуяларга жооп кайтаруусу менен актуалдуу социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган арт-демилгелерди жана долбоорлорду колдоо.

Арыз тандоо критерийлери:

  • Сунушталган идеянын креативдүүлүгү жана жаңылыгы,
  • Ачылып бериле турган теманын же көйгөйдүн жарандардын кеңири чөйрөсүнө тиешелүүлүгү
  • Теманын Кыргызстан үчүн актуалдуулугу
  • Долбоордун туруктуулугу
  • Долбоордун ишке ашуу мүмкүнчүлүгү
  • Ачык коомдун идеяларына жана баалуулуктарына туура келүүсү

*Аймактардагы искусствонун маанилүүлүгүн бекемдөөгө багытталган, ошондой эле кыргыз тилиндеги долбоор идеялары артыкчылыкка ээ болот.

Долбоор сунуштарын кабыл алуу жана тандоо процедуралары:

Искусствонун формасы жана түрү боюнча чектөөлөр жок. Бул мем, сүрөт, графика, скульптура, живопись, паблик арт, документалдуу тасма, музыка, бий, анын ичинде декоративдүү жана колдонмо искусство болушу мүмкүн. Форматы боюнча продукт/контент түзүүгө, жана мастер-класс, лекция, ретрит, сынак жана ушу сыяктуу түрдөгү иш-чараларды өткөрүүгө жол берилет. Арыздар кесипкөйлөр, чеберлер сыяктуу эле сүйүүчүлөрдөн да кабыл алынат.

2 түрдөгү грант каралган:

Чакан гранттар –5,000 долларга чейин
Гранттар — 20,000 долларга чейин

Ким катыша алат?

  • Жеке адамдар жана ЖИ (жеке ишкерлер-ред.) (5,000 долларга чейинки чакан гранттар категориясында гана)
  • Коммерциялык эмес уюмдар (КБ, КФ, ККФ)
  • Билим берүүчү же мамлекеттик мекемелер
  • Коммерциялык уюмдар

Сынак 3 баскычта өтмөкчү. Биринчи баскычында долбоор концепциялары жана бюджеттин жалпы суммасы гана кабыл алынат.

Арызга төмөнкүлөр милдеттүү түрдө камтылышы зарыл:

  • Идея туурасында маалымат
  • Долбоор максаты жана милдеттери
  • Күтүлгөн натыйжалары
  • Жанры жана форматы
  • Ишке ашуу мөөнөтү
  • Буга чейинки иштерге шилтемелер
  • Статьялары боюнча болжолдуу бөлүштүрүлгөн бюджеттин жалпы суммасы

2-баскычында тандалып алынган идеялардын авторлору гана СКФ грант арыз формаларын толтуруп, аны толук бюджети менен бирге жөнөтүшү керек.

3-баскычында жарым финалисттер комиссия алдында өз идеясын жактоосу үчүн 5 мүнөткө чейинки питчинг-видеосун жаздырып алышы керек. Бул баскычта тандалып алынган долбоорлор эксперттер комиссиясынын пикирине жараша толукталып, келишим түзүү жана кийинки ишке ашыруусу үчүн коштомо иш-кагаздарынын толук пакети менен бирге басма жана электрондук түрдө тапшырылышы зарыл.

Сынактын аталышы көрсөтүлгөн онлайн арыз 2023-жылдын 16 -апрели, саат 18:00гө чейин жөнөтүлүшү зарыл. Көрсөтүлгөн убакыттан кеч толтурулган же жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген арыздар караштырылбайт.

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 1 жылдан ашык эмес. Арыздар орус жана кыргыз тилдеринде кабыл алынат. Кийинки турга өткөн талапкерлер гана маалымдалат.

Онлайн арызды бул жерден толтурууга болот: https://forms.gle/oz2kMDzh4o2RufzE6

Байланыш: Айдай Норузбаева, “Сөз жана өзүн көрсөтүү эркиндиги” программалык багыттын координатору [email protected]

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты