Сооронкулова: ЖК төрагасы депутаттарга карата мамилеге реакция жасашы керек болчу (Видео)

“Бир гана депутаттын эмес, Жогорку Кеңештин беделине зыян кетип жатат. Жогорку Кеңеш тарабынан сөзсүз түрдө реакция болушу керек эле. Төрага Президенттин, Кабминдин жетекчилигинин алдында бул маселени коюшу керек болчу” деп билдирди Конституциялык палатанын экс-судьясы Клара Сооронкулова парламенттин 2-июндагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун  басары, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевдин депутаттарга болгон мамилеси тууралуу “ПолитКлиника” медиасынын  “Тет-а-Тет” берүүсүндө.

— Адахан Мадумаров депутаттык милдетин аткарып жатат. Анткени Жогорку Кеңештин өкүлчүлүк гана эмес, көзөмөл жүргүзүү, өкмөттүн үстүнөн көзөмөл жүргүзүү вазийпасы, Баш мыйзамда көрсөтүлгөн милдети бар. Албетте, аткаруу бийлигиндеги кызмат адамдарына булар суроо берип, жоопту талап кылууга толук кандуу укугу бар. Оозеки эмес, жазуу түрүндө дагы сураса болот.

Ошондой маселе коюлуп жаткандан кийин УКМКнын жетекчиси мыйзам түрүндө, маданияттуу жооп берип коюшу керек эле. Эч кандай жооп уккан жокмун чынында.

Бул ушуну менен жөн калбашы керек эле, анткени бир гана депутатка эмес, Жогорку Кеңештин беделине зыян кетип жатат. Жогорку Кеңеш тарабынан сөзсүз түрдө реакция болушу керек эле. Төрага Президенттин, Кабмин жетекчилигинин алдында бул маселени коюш керек болчу.  Бул — мыйзамдын талабы.

Мамлекеттик кызматкерлердин этика кодекси бар, мыйзам этика кодексин бузууга жол бербейт. Керек болсо, тартиптик түрдө кызматтык текшерүү жүрүш керек эле.  Бирок, тилекке каршы эч ким эч кандай реакция кылган жок. Президент тескерисинче “андай нерсеге жол бербегиле, бардык нерсе мыйзам чегинде болуш керек” дегендин ордуна, кайра өзүнүн досуна болушуп, Мадумаровду жамандап койду. Бул жерде Президент калыстыктан, мыйзамдуулуктан тайды.    

Чынында Камчыбек Ташиев бир гана Мадумаровго айтып жаткан жок, “Керегем сага айтам, келиним сен ук” деген мааниде болуп калды.  Бул — бардык эле депутаттарга тийиштүү. Эгерде Ташиевдин ордунда башка, алсызыраак министр болсо, аны деле көрүп жүрөбүз, башка министрди баса калышат го. Мирлан Самыйкожодон башка, эч кимиси эч кандай сөз айта алган жок. Тескерисинче Ташиевге болушушту. Депутаттардын көпчүлүгү Ташиевден коркконун анык эле көрсөтүп койду.

Ушундайда булар бир бийлик бутагынын ээси деп кантип айта алабыз? Өз алдынча бийлик алып барат, мыйзам чыгаруучу, өкүлчүлүк, көзөмөлдөөчү бийлик деп кантип айта аласың? Айта албайсың да.

Бул жөнөкөй эле инцидент болуп кеткен жок, жалпысынан мамлекетте өзгөчө бийик кызмат ордун ээлеп турган адамдардын депутаттарга болгон мамилесин көрсөттү.   “Кылыбыз кыйшайбайт, силер адам эмессиңер” дегендей мамиле болуп калды.

Бирок ошону депутаттар түшүндүбү? Кичине намыстаныштыбы?  -Намыстанган жок. Тескерисинче, төрага дагы Ташиевден көз каранды экенин көрсөтүп койду.

Эми чынында мамлекетте кожоюн ким экени ачык-анык билинип калды.. Чынында мамлекеттин көп жагын, бир топ тармагын Ташиев башкарып жатат. Азыркы күндө мамлекеттин анык башчысы УКМК төрагасы Ташиев болууда, -деди Клара Сооронкулова «ПолитКлиника» медиасынын «Тет-а-Тет» берүүсүндө.

Кененирээк ВИДЕОДО:

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты