Сокулукта мыйзамсыз берилген 48,5 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
- 12 months мурун
Чүй облусунун Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүндө аталган айыл өкмөттүн 2003-жылдагы чечими менен Т.Ж. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө 48,5га жайыт жер тилкеси убактылуу колдонуу үчүн 49 жылга берилип кеткендиги аныкталган.
Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүнүн чечими менен жогоруда аталган 2 млн 425 миң сомго бааланган 48,5 га жайыт жер тилкеси айыл өкмөттүн балансына кайтарылды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү