Социалдык фонддун бюджети жөнүндө мыйзам долбоорлору кабыл алынды

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 21-декабрда, Жогорку Кеңештин жыйынында социалдык фонддун 2023-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө жана 2024-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө мыйзам долбоорлору экинчи жана үчүнчү окууда каралды жана кабыл алынды. 

Бул багытта маалыматтар менен бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Төлөнов тааныштырды.

Депутат Нилуфар Алимжанова 2024-жылы эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна берилген каражаттарды сурап: “Президент тарабынан буга мараторий киргизилген, бирок ага карабай 2024-жылы элдин акчасынан жолдонмолор үчүн каражат бөлүп жатасыздар. Бул эмнелерге коротулат, элге так маалымат берип койгула” деди депутат Алимжанова.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев 2024-жылы чогулуучу 529 млн сом  ден соолукту чыңдоо жайларын оңдоого багытталарын билдирди.

Сүрөт: kebesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты