Социалдык фонд жыл башынан бери баалуу кагаздарга 4.1 млрд сом жумшаган
- 10 months мурун
2022-жылдын январь-июль айларында Соцфонд мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга 4 млрд 178 млн 277,8 миң сом инвестициялаган.
Фонддун маалыматына ылайык, баалуу кагаздардын жылдык кирешеси 12,5-15,5% чегинде болот.
Мындан тышкары, мамлекеттик пенсиялык топтоо каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 365 күндүк мөөнөт менен 2 млрд 560 млн сом өлчөмүндө жайгаштырылган. Жылдык пайыздык чен 13,0-18,5% чегинде болгон.
Буга чейин мамлекеттик пенсиялык топтоо каражаттарынан жалпы суммасы 6 млрд 738 млн 277,8 миң сом инвестицияланган.
Отчеттук мезгилде 1 млрд 293 млн 472,7 миң сом суммасында мамлекеттик баалуу кагаздар жана 2 млрд 255 млрд сом суммасында депозиттер кайтарылган.
Маалым болгондой, 2022-жылдын январь-июнь айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган;
• Жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 1 млрд 625 млн 545 миң сом;
•Депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 327 млн 973 миң сом;
•МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 4 млн 12,3 миң сом.
Бардыгы болуп, 2022-жылдын январь-июль айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 1 млрд 984 млн 530,5 миң сом киреше алынган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.