Инвесторлорду жеке ишкерлер алдап кеткен учурлар катталып жатканын президент белгиледи

  • 4 месяца мурун

Айрым инвесторлорду жеке ишкерлер алдап кеткен учурлар катталып, алар арыз жазып жатышат.

Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Кыргызда “Бир карын майды бир кумалак чиритет” деген таамай айтылган сөз бар. Арабыздан анча-мынча тентектер чыгып жатат. Алдамчылык жарытпайт, туугандар. Токтоткула мындайды. Инвесторлорго эскертүү: колуңардан келишинче мамлекеттик мекемелер менен, мисалы, Экономика жана коммерция министрлиги, Инвестиция тартуу боюнча агенттиги, облус, район, айыл өкмөт башчылары аркылуу иштесеңиздер ишенимдүү болот эле” деп жазды президент.

Быйыл Кыргызстанга кирген түз инвестиция кескин азайып кетти. Улуттук статистикалык комитет 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөгө кирген түз инвестициянын суммасын 429 млн доллар деп эсептеген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 31,7 пайызга аз.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты