Сирияда күрд күчтөрү менен ИМ тобунун кагылышуусунан 120дай киши каза тапты

  • 2 года мурун

АКШ колдоо көрөткөн «Сириянын демократиялык күчтөрү» (SDF) менен бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук уюмунун жоочулары Сириянын түндүк-батышындагы Эл-Хасака шаарында салгылашып, кеминде 120 киши каза тапты.

«Аль-Арабия» телеканалы маалымдагандай, SDF америкалык аскерлердин колдоосу менен Эль-Хасактагы түрмөгө чабуул жасаган. Ал абакта 3,5 миңдей киши кармалып турат, алардын арасында ИМ тобунун катарында согуштук аракеттерге катышкан жалданма жоочулар да бар.

23-январда айрым ЖМКлар күрд аскердик бирикмеси АКШнын жардамы менен түрмөнү көзөмөлгө алганын жазышты.

20-январда ИМ жоочулары Эль-Хасака шаарына кирип барып, ал жактагы Эс-Синаа түрмөсүн чабуул менен алууга аракет жасашкан. ЖМКлардын маалыматына караганда, кол салган жоочулар түрмөдө камалгандардын качып чыгуусун жеңилдетүү максатында пенитенциардык мекеменин алдында мина коюлган эки автоунааны жардырып жиберишкен.

Лондондо жайгашкан Адам укуктарынын корголушуна байкоо салуу боюнча сириялык борбордун маалыматына караганда, мындан бир нече күн мурун күрд аскерлери ИМдин 77 жоочусун жок кылган, SDF 40ка чукул аскеринен айрылган. Кеминде эле жети жай тургундун өлгөнү кабарланган.

Буга чейин күрд бийлиги 3,5 миңдей киши – негизинен жоочулар кармалып турган Эс-Синаа түрмөсүн башкара албай турганын жарыялаган. Алар түрмөгө 2019-жылы SDF бөлүктөрү АКШ башында турган коалициянын колдоосу менен ИМдин акыркы форпостун жок кылгандан кийин киргизилген.

ЖМКлардын маалыматына караганда, ИМ 2017-жылы Иракта жеңилип калганы менен топтун жоочулары азыркы тапта деле Сириянын бир нече аймагын көзөмөлдөп турат. Эксперттер ИМ Сириянын жаңы аймактарын басып алуу үчүн согуштук аракеттерин жаңдандырууга аракет жасап жатканын айтып келишет.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты