Сирия менен Ирактан кыргызстандык аялдар менен балдарды репатриациялоону АКШ колдоого алат 

  • 2 часа мурун

Бүгүн, 18-ноябрда, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын элчиси Лесли Вигери менен жолугушуу өткөрдү.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыктын негизги маселелерин талкуулап, саясий диалогго, экономикалык кызматташтыкка, инвестициялык жана гуманитардык маселелерге өзгөчө көңүл бурушту. 

Министр Кулубаев АКШда президенттик шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, Кыргызстан эки тараптуу мамилелерди, анын ичинде С5+1 форматынын алкагында мындан ары тереңдетүүгө даяр экендигин баса белгиледи. 

Өз кезегинде Элчи Л. Вигери АКШнын Кыргызстан менен эки тараптуу деңгээлде жана С5+1 регионалдык платформасынын алкагында кызматташтыкты бекемдөөгө даярдыгын ырастады.

Мындан тышкары, элчи Вигери Кыргызстандын гуманитардык демилгелерин, анын ичинде Сирия менен Ирактан аялдар менен балдарды репатриациялоону колдоого алып, бул маселелер боюнча АКШнын техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. 

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап ачык диалогдун маанилүүлүгүн белгилеп, эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө болгон ишенимин билдиришти.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты