Шашылыш билдирүү: Бишкекте жана Чүй облусунда катуу шамал күтүлөт
- 1 месяц мурун
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Гидрометеорологиялык кызматынын маалыматына ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен каттуу шамал катталышы күтүлөт.
ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет. Өзгөчө электр чубалгыларынан, жарнама калкандарынан, бак-дарактардан алыстап, коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалга туш болосоңуз “112” кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интерне булактарынан
Муну бөлүшүү




