Шакиев баштаган парламенттик делегация Өзбекстанга кетти

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 25-сентябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Өзбекстанга иш сапары менен кетти.

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Төрага Нурланбек Шакиев жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушууларды өткөрөт.
Жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүүдө.
Делегация курамында депутаттар Улан Примов, Азизбек Турсунбаев, Айсаракан Абдибаева, Гүлкан Молдобекова, Эльвира Сурабалдиева, Медербек Алиев бар.

Сүрөттө: Өзбекстандын парламент имараты. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты