Шайлоочулардын 18,65 пайызы добуш берди

  • 2 года мурун

Саат 18.00гө карата № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүүгө 40 970  шайлоочу келди же шайлоочулардын жалпы санынын 18,65%ы.

— № 27 Биринчи май шайлоо округу – 15 529 шайлоочу же 13,73%;

— № 29 Свердлов шайлоо округу –  25 441 шайлоочу же 23,88 %.

Бүгүн, 27-февралда, Бишкек шаарынын №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өтүп жатат.

Жогоруда аталган эки шайлоо округунда баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Кайра шайлоого 53 талапкер каттоодон өттү. № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 27 талапкер, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 26 талапкер катышууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты