Шаирбек Бопонов укук коргоо органдарынын катарынан биротоло бошотулду

  • 10 месяцев мурун

20-майда ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн негизинде, укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын талаптарын одоно түрдө бузгандыгы, жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу мезгилинде өзүнүн түздөн-түз кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы жана эч себепсиз кызматка чыкпай койгондугу үчүн, ИИМдин буйругу менен Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Шаирбек Бопонов укук коргоо органдарынын катарынан биротоло бошотулду.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты