Сауд Арабиясында каза болгон зыяратчылардын саны миңден ашты

  • 3 недели мурун

Сауд Арабиясында ажылык сапар учурунда каза болгон зыяратчылардын саны миңден ашты.

Бул тууралуу AFP агенттиги дипломатиялык булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Каза болгондордун 658и Египеттин, 68и Индиянын, 60ы Иорданиянын, 35и Пакистандын, 35и — Тунистин жарандары. Алардын арасында Тажикстандын үч жараны да бар экени кабарланууда. ТАСС агенттиги Орусиянын башкы консулдугуна таянып, Меккеде беш орусиялык каза болгонун жазды.

AFP агенттигинин маалыматына караганда, каза болгондордун жарымынан көбүн каттоодон өтпөгөн зыяратчылар түзөт. Алардын басымдуу бөлүгү үчүн кондиционер коюлган бөлмөлөр жана медициналык жардам жеткиликсиз.

Быйыл Меккеге 1,5 миллиондон ашык киши ажылык сапарга барды. Сауд Арабиясынын Улуттук метеорологиялык борборунун маалыматына ылайык, 17-июнда Меккедеги Чоң мечиттин көлөкөсүндөгү абанын температурасы 51,8 градуска жеткен.

Буга чейин өлкөнүн cаламаттык сактоо министрлиги башына күн өткөн 2 миңден ашык киши ооруканага жаткырылганын билдирген.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты