Санариптик өнүгүү министрлиги: Магистралдык линиядагы авариядан улам Интернетте көйгөй жаралды

  • 2 года мурун

Санариптик өнүгүү министрлиги 24-октябрда Интернеттин үзгүлтүккө учурашы боюнча комментарий берди.

Мекеменин билдирүүсүндө магистралдык линиялардын биринде авария болгону, буга байланыштуу дүйнөлүк желенин иши үзгүлтүккө учураганы белгиленген.

«Интернет байланыш жакын арадан толугу менен калыбына келтирилет. Мындан тышкары Интернет байланышты камсыздоо үчүн резервдеги каналдарга өтүү жумуштары жүргүзүлүп жатат» деп билдирди министрлик.

Буга чейин MegaCom уюлдук оператору «олуттуу авария» болгонун, мындан улам абоненттердин бир бөлүгү Интернетсиз калганын кабарлаган.

Бүгүн, 24-октябрда, саясатчылардын, активисттердин жапырт камалышы жана Кемпир-Абад маселеси боюнча жөө жүрүш уюштурулду. Жөө жүрүш Бишкек шаарынын темир жол бекетинен башталды. Катышуучулар борбордук аянтка чейин барышты. Жөө жүрүшкө 500дөй адам катышты. Жөө жүрүштүн түз алып көрсөтүү учурунда Интернетте байланыш начар болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты