Геостационардык эмес спутник системасын пайдаланууга өтүү: Долбоор интернетке кошулуу кыйын аймактарды да камтыйт
- 10 месяцев мурун
Президент Садыр Жапаров «Геостационардык эмес спутник системаларын пайдалануу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Кыргызстанда биринчи жолу геостационардык эмес спутник системаларын пайдалануу менен интернетке кирүү технологиясы колдонулат.
Долбоор 2025-жылдын 6-октябрынан тартып 2026-жылдын 5-октябрына чейин ишке ашырылат.
Бул интернетке кошулуу кыйын же мүмкүн болбогон алыскы жана жетүүгө оор аймактардагы тургундар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Долбоордун маанилүү өзгөчөлүгү анын ачыктыгы болуп саналат – пилотко спутниктик интернет кызматын көрсөткөн бардык эл аралык операторлор катыша алат, алар президенттин жогоруда аталган жарлыгында каралган шарттарды жана милдеттенмелерди аткарышат.
Мындай ыкма таза атаандаштыкты түзүп, ар кандай технологиялык чечимдерди тестирлөөгө, техникалык жана укуктук тоскоолдуктарды аныктоого, ошондой эле өлкөдө спутник байланыш системаларын келечекте жөнгө салуу жана масштабдуу ишке киргүзүү үчүн негиз түзөт.
Пилоттук долбоор аяктагандан кийин тиешелүү мамлекеттик органдар тестирлөөнүн жыйынтыгын баалоо менен корутунду даярдап, өлкө жетекчилигине спутник интернетин андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарын киргизет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




