Самат Исабеков кайрадан Бажы кызматын жетектейт
- 2 жыл мурун
Самат Исабеков Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Исабековду эмгек жамаатына 20-январда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев тааныштырды.
Белгилей кетсек, Самат Исабеков Бажы кызматын буга чейин дагы жетектеген. Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Улукбек Марипов 2021-жылдын 7-июнунда Исабековду аталган мекемеге төрага кылып дайындаган. Ошол эле жылдын октябрында отставкага кеткен. Аны менен бирге орун басарлары — Кыялбек Мукашев жана Кубанычбек Шатемиров дагы кызматтан кеткен.
Муну бөлүшүү