Салык режимин тандоо арызы менен 23 миңден ашык салык төлөөчү кайрылды

  • 2 года мурун

Жаңы салык кодексинин ишке киргизилишине байланыштуу салык режимин тандоо жөнүндө 23 миң 272 арыз түшкөн.

Алардын ичинен 1136 салык төлөөчү жалпы салык режимине, 22136 салык төлөөчү бирдиктүү салыктын негизинде, салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн системасына, анын ичинен 14775 бирдиктүү салыкка, 7295 нөлдүк ставка менен бирдиктүү салыкка, 66 субъект кошумча нарк саалыгын (КНС) шарттуу эсептөө режими менен бирдиктүү салыкка өткөн.

Салык төлөөчүлөр салык режимин тандоо жөнүндө салык органына арыз менен 28-январга чейин кайрылуулары зарыл болгон.

Жалпы салык режиминин негизинде салык төлөгөн жана 2021-жылдын 31-декабрына карата КНС төлөөчү болуп саналбаган салык төлөөчүлөр бирдиктүү салык режимин тандай алышмак

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты