Салык кызматы: «Кылым шамындагы” текшерүү мыйзамга ылайык жүргүзүлдү
- 2 года мурун
Мамлекеттик салык кызматы социалдык тармактарда жана интернет-басылмаларда жарыяланган «Кылым шамы» коомдук фондунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулованын фондду салыктык текшерүү боюнча комментарийине карата билдирүү жасады.
-Ленин району боюнча салык органы «Кылым шамындагы» салыктык текшерүүнү салык мыйзамдарына ылайык жүргүздү.
«Кылым шамы» коммерциялык эмес уюм (коомдук фонд) катары катталганына карабастан, экономикалык иш жүргүзөт, бул каттоо карточкасы менен тастыкталат. Уюм бирдиктүү салык төлөөчү катары катталган, ошондой эле накталай эмес формада товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуу үчүн сатуудан алынуучу салык боюнча отчетторду берет.
Мындан тышкары, салык декларациясында товарларды (жумуштарды, кызматтарды) сатуудан түшкөн киреше, ошондой эле активдерди сатуудан түшкөн киреше көрсөтүлгөн. Ошентип, салыктык текшерүү жүргүзүүгө тиешелүү негиздер бар.
Текшерүүнүн жүрүшүндө уюмдун киреше жана чыгаша бөлүгүнө тиешелүү документтер суралган.“Кылым шамынын” өкүлдөрү белгилеген жеке мүнөздөгү башка эч кандай маалымат суралган эмес. Буга байланыштуу Салык кызматы «Кылым шамы» коомдук фондун катардагы текшерүүдөн саясат жасабоого жана коомчулукту туура эмес маалыматтар менен адаштырбоого чакырат,- деп айтылат билдирүүдө.
«Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Салык кызматы “Кылым шамы” уюмун текшерип, уюм менен иштешкен адвокаттарга, Садыр Жапаровду жана анын тарапташтарын, бир туугандарын жактаган адвокаттарга берилген каражатка чейин сурап, 2016-жылдан берки документтерди текшерип жатканын маалымдады.
Гүлшайыр Абдирасулова текшерүүнүн так максатын сурап, Ленин айондук салык кызматына кайрылганын айтты.
Абдирасулова уюмду өзгөчө текшерүү атайын буюртма болушу мүмкүн деген оюн «Азаттыкка» билдирди.
«Бизди мурда деле текшеришчү. Анткени текшерүүлөр жүрүп, салыктардын ачык болгону өзүбүзгө да жакшы, анткени биз донорлорго отчет берип турабыз. Бирок бул жолу өзгөчө текшерүү болуп, биз кимди жактап бергени үчүн кайсы адвокатка канча акча бергенибизден бери сурап, тактап атышканы таңкалычтуу болуп жатат. Булар муну менен бизде иштеген адвокаттарды аныктагысы келип жатышабы же дагы башка максатта эптеп уюмдун ишин токтотууну көздөп жатышабы деген суроо туулат. Ушундан улам бул текшерүүнүн артында атайын буюртма бар окшойт деген ой жаралат»деди ал.
Кыргызстандын жарандык коомчулугу президенттик администрация мындан бир ай мурда, 2-ноябрда сунуштаган бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбооруна нааразылыгын билдирип келет. Алар президенттик администрациянын сунушу коррупцияга жана бюрократияга жол ачарын, жарандык уюмдарга жасалма тоскоолдук жаратарын жана ал Конституцияга, эл аралык стандарттарга, Кыргызстандын милдеттенмелерине карама-каршы келерин белгилешүүдө.
Сунуш кылынган мыйзам долбоорунда ылайык, «чет өлкөлүк бейөкмөт уюм» деген түшүнүк кирип, мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары көбөйтүлөт. Долбоор колдоо тапса, бардык бейөкмөт уюмдар тизмеге алынат, аларды Башкы прокуратура жана Юстиция министрлиги толук көзөмөлдөйт, каржылык текшерүү күчөйт, айрымдарына мамлекет колдоо көрсөтө алат.