Салык кызматы коррупцияга айыпталган беш кызматкерин жумуштан бошотту

  • 5 месяцев мурун

Буга чейин “Дордой” базарында салык жыйноого жооптуу болгон салык органдарынын беш кызматкери ишеним жоготкондугуна байланыштуу иштен бошотулду.

Тиешелүү буйрукка Салык кызматынын төрагасы  Алтынбек Абдувапов кол койду.

Алардын кызматтан бошотулушуна УКМК тарабынан өткөн жылдардагы “Дордой” базарындагы коррупциялык схема боюнча алардын айыпталып кармалышы болду.

Учурда укук коргоо органдары базарларды салык чогултууга жооптуу салык органдарынын мурдагы жылдардагы иштерине талдоо жүргүзүүдө.   

Мамлекеттик салык кызматынын буга чейин “Дордой” соода-базар комплексинде салык чогултууга жооптуу болгон беш кызматкери кармалганын УКМК билдирген.

Мамлекеттик салык кызматынын “Дордой” базарынын аймагындагы салыктарды тескөө үчүн жооптуу айрым кызмат адамдары тарабынан жеке баюу максатында, ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүү менен коррупциялык схеманы уюштурушканы аныкталган.

Бул коррупциялык схема 5-6 жыл иштеп туруп, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ар бир мыйзамсыз аракеттери үчүн акчалай сыйлык алып турган.

Салык кызматы коррупцияга айыпталган беш кызматкерин жумуштан бошотту

Баш сүрөт: Иллюстрациялык. Интернет булактарынан.

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы тараткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты