Саламаттык сактоо министринин милдетин Дамирбек Осмонов аткарат

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Дамирбек Осмонов саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. 

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.

Саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Дамирбек Осмоновдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.  

Бүгүн, 23-февралда, саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов кызматтан бошотулду.

Сүрөттө: Дамирбек Осмонов. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты