Садыр Жапаров Жозеф Байденге Гавайидеги өрттүн кесепетине байланыштуу көңүл айтты

  • 9 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров АКШ президенти Жозеф Байденге Гавайи аралдарында өрттүн кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.

“Гавайи аралдарында өрттүн кесепетинен көптөгөн адам каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Биз Америка Кошмо Штаттарынын элинин аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Сизге, Америка Кошмо Штаттарынын элине жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”деп айтылат

телеграммада.

АКШнын Гавайи аралындагы токойдогу өрттөн 60 тан ашык киши курман болду.

Сүрөт: BBC

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты