Садыр Жапаров ЖМК үчүн ири маалымат жыйынын өткөрөт

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров 23-октябрда жергиликтүү жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президенттик администрациядан билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөдөгү негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр тууралуу маалымат берип, ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берет.

Маалымат жыйыны КТРК, республикалык жана облустук телеканалдар жана социалдык тармактардагы баракчалар аркылуу түз эфирде чагылдырылат.

Түз эфир башталышы – 23-октябрь, 11.00.

Бул Садыр Жапаровдун президент болуп шайлангандан берки алгачкы маалымат жыйыны. 2020-жылдын ноябрында ал ЖМК үчүн ири маалымат жыйында мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу катары сөз сүйлөгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты