Садыр Жапаров: Жаштардан суранам, акыл үйрөтпөй эле койсоңор

Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген интервьюсунда көппчүлүк арасында “Президенттин айлана-чөйрөсүн тазалаш керек, ошолор артка тартып атат” деген суроого жооп берди.  

—Эсиңиздердеби, Октябрь окуясынан кийин жалаң жаштарды алып келе баштагам. Жарым жылга жакын иштешти. Тажрыйба болбогондон кийин өздөрү да кыйналат экен, мамлекетти да кыйнайт экен. Министр болгондордун арасында “штаттык расписание” деген эмне экенин билбегендер болду. Анан кантип килейген министрликти башкарат? Күнөскана ачып, бадыраң өстүрүп алса эле «ии, мен министр болууга даяр экем» деп ойлобош керек. Министрлик бир теплица менен эле чектелбейт.

Ал эми эски кадрларды, Акылбек Жапаровду баш кылып иштеп бергиле деп өзүм чакырып келдим. Так сүйлөшүп алдык. “Буга чейин кандай иштегениңер, эмне кылганыңар мени кызыктырбайт. Мындан аркы мени менен иштеген ишиңер таза болбосо капа болбогула, бир гана эмгек акыга иштейсинер, бир сом уурдасаңар же жеке кызыкчылыгыңарга пайдалансаңар камаласыңар” деген келишим бар ортобузда.

Акылбек Үсөнбековичке: “Экөөбүздүн тең фамилиябыз – Жапаров. Фамилиябызды булгабайлы. Тарыхта ак тамгалар менен жазылып калалы. Балдарыбызды жер каратпайлы” деп айтып атам -деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле жаштарга кайрылып, акыл үйрөтпөөнү өтүндү:   

-Анан блогер, акылдуусунуп акыл үйрөткөн жаштардан суранарым, акыл үйрөтпөй эле койсоңор. Айрымдары ансыз деле жасалып жаткан иштерди «минтип койбойсуңбу же тигинтип койбойсуңбу» деп акыл үйрөтүп киришет, өзүнөн сурасаң же жогорку билими, же тажрыйбасы жок. Сүйлөсө эле Москва, Лондондон кеп кылат. Анан эле интернетте олтуруп алып, акыл үйрөтүшөт. Баткен боюнча канча акыл үйрөтүштү. Анын баары ансыз деле жасалып бүткөн же жасалып жаткан иштер болчу, -деди Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты