Садыр Жапаров расмий сапар менен Венага жөнөп кетти
- 2 года мурун
Президент Садыр Жапаров Австриянын федералдык президенти Александер Ван дер Беллендин чакыруусу менен бүгүн, 24-ноябрда, Венага расмий сапар менен жөнөп кетти.
Президенттин басма сөз кызматыын маалыматы караганда, Садыр Жапаровдун Австриянын федералдык президенти Александер Ван дер Беллен, федералдык канцлер Карл Нехаммер, ошондой эле Улуттук кеңештин төрагасы Вальтер Розенкранц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган.
Австрияга болгон сапардын алкагында тараптар кыргыз-австриялык мамилелерди жана аларды мындан ары кеңейтүү пландарын талкуулашат.
Сүрөттө: Вена шаары. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




