Садыр Жапаров Кытай элчиси Ду Дэвэнге «Достук» орденин тапшырды
- 7 месяцев мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнге — «Достук» орденин тапшырды.
Мамлекет башчы белгилегендей, бул орден менен Кыргызстан жана чет өлкөлөрдүн жарандары тынчтыкты, достукту жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча жасаган иштери үчүн сыйланышат.
«Кыргызстан Cиздин кыргыз-кытай ынак коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелерин чыңдоого кошкон баа жеткис салымыңызды жогору баалайт» деп белгиледи Жапаров.
Элчи көрсөтүлгөн сый-урмат жана жогорку сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип, бул сыйлык Садыр Жапаровдун кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүгө болгон мамилесин жана көңүл буруусун көрсөтүп жатканын айтты.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү