Садыр Жапаров: Казак-кыргыздын ортосуна чок салып жиберсек деген үчүнчү күчтөр дагы жок эмес

  • 8 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров 13-августта  көк бөрү боюнча Дүйнө кубогунда казак акыны Биржан Калдыбаевге аргымак белек кылган. Бирок бир нече күндөн кийин өзүн Казакстандын Айтышкерлер союзунун төрагасынын биринчи орун басары катары тааныштырган Аманжол Алтаев муну сындап чыккан. Буга байланыштуу “Кабар” маалымат агенттиги президент Садыр Жапаровго суроо суроо узатып, мындай жооп алды:

— Ооба, мен да соцтүйүндөрдөн бир боорубуз Аманжол Алтаевдин кайрылуусун окуп калдым. Албетте, ыңгайсыз кайрылуу болду. Биринчиден, «Элчи менен ырчыга өлүм жок» дейт. Элчилер элчилигин кылат. Ырчылар, болгондо дагы төкмө акындар кай жерде болбосун ыңгайына жараша төгүп ырдай беришет. Сындап ырдашат, мактап ырдашат, бир нерсе сурап ырдашат. Андан кемчилик же саясат издөөнүн кереги жок.

Экинчиден, төкмө акын Биржан Калдыбаев кыргызга жээн болот экен. Мен казакка жээнмин. Кайчылаш тайеке-жээн экенбиз, -деди Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле казакка жээн болорун да кошумчалады:   

-Менин бешинчи атам Солтонкулдун аялы Нооча энем казак кызы болгон. Үчүнчүдөн, кыргыз-казак сөз баккан элбиз. Эгер мен ошол учурда аргымак мингизбей койсом качандыр бир убакта мени сөзгө жыгып ырдап чыкмак. «Тайекем мени жөө узатты, тайекемдин бир аргымакчалык алы жокпу» деп. Эгер мен ал жерге катышпасам, ал акындын ырдаганын укпасам башка кеп эле.

Ошондуктан Аманжол мырзага айтаарым эч качан ыңгайсыз абалда калган жоксуз. Эч кандай саясат жок. Болгону төкмө акын жээнимдин сөзүнө калбайын деп гана аргымак мингизе салдым. Ал эми Биржан Калдыбаев кандай акын экенин чынында мен деле билбейм. Мурда таанычу да эмесмин. Аны көчөдөгү акын дептир. Азыр көчөдөгү акын болсо балким бара-бара казак кыргыз элине таанымал акын болуп чыгып калаар? «Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет, карындагы баланын хан болоорун ким билет» дейт. Жаш бала экен. Колдоп турсаңар балким бара-бара таанымал акын болуп чыга келет. Казак менен кыргызды өзүбүздөн башка эч ким колдобойт. Бири-бирибизди колдоп турушубуз керек. Азыркы дүйнөлүк кырдаал курч болуп турат. Казак кыргыздын ортосуна чок салып жиберсек деп турган үчүнчү күчтөр дагы жок эмес. Андай адашуудан алыс болушубуз керек. Ортодогу ынтымакты бекем сактайлы. Ансыз деле аттын кашкасындай аз калкпыз, -деди президент Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде.

13-августта Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту айылында көк бөрү боюнча дүйнөлүк биринчи чемпионат ачылды. Биринчи дүйнөлүк чемпионатты президент  Садыр Жапаров ачты.  

Эл аралык турнир 13-20-августта Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданында өттү.

Сүрөт: president kg.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты