Садыр Жапаров иш сапары менен Индияга барат
- 2 years мурун
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2022-жылдын январында иш сапары менен Индияга барат. Бул тууралуу Кыргызстан менен Индиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Субраманьям Джайшанкардын жолугушуусунда белгилүү болду.
Тараптардын жолугушуусу 2021-жылдын 19-декабрында Нью-Дели шаарында «Индия-Борбор Азия» диалогунун алкагында өткөн.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Садыр Жапаровдун Индияга болгон иш сапары Индия-Борбор Азия саммитинин алкагында уюштурулат.
Муну бөлүшүү