Садыр Жапаров ипотекалык компания тарабынан курулган турак жайдын ачкычын тапшырды

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров 10-июлда Бишкек шаарындагы Калый Молдобасанов көчөсүндө мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган жаңы турак жай комплексиндеги батирлердин ачкычын тапшыруу аземине катышты.

Бул тууралуу президенттин сайында маалымдалды.

Маалыматта айтылгандай, Бишкекте алгачкы үч турак жай комплекси ийгиликтүү аяктады, ал эми Жалал-Абад облусунда жеңилдетилген ипотекалык шарттарда жарандарга берилген көп кабаттуу эки үй курулду.

Калый Молдобасанов көчөсүндө жайгашкан 15 кабаттуу турак жай комплекси 225 батирди камтыйт. Комплекстин аймагында автономдуу жылытуу системасы, балдар аянтчасы жана жер алдындагы унаа токтотуучу жай каралган.

Мамлекет башчы өз сөзүндө бул программа аркылуу Кыргызстанда жалпысынан 70 миңге жакын батирдин курулушу башталып, алардын басымдуу бөлүгү активдүү фазада турганын белгиледи.

Президент шаарлардан кийин айылдарда да турак жайлар курулуп, 25 жылга чейинки мөөнөт менен ипотекага берилерин ырастады.

Буга байланыштуу ал райондордун жана шаарлардын жетекчилерине кайрылып, аларды жеке кызыкчылыктардан жана коррупциялык көрүнүштөрдөн кайтып, бош жаткан жерлерди турак үйлөрдү куруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп бергиле деди.

Садыр Жапаров ипотекалык компания тарабынан курулган турак жайдын ачкычын тапшырды
Садыр Жапаров ипотекалык компания тарабынан курулган турак жайдын ачкычын тапшырды

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты