Садыр Жапаров: «Алымкадыр Бейшеналиевдин Дубайда, Түркияда батирлери жок болчу»

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 4-апрелде президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берди. 

Ага «Депутат Жусупбек Коргонбай уулу саламаттыкты сактоо министринин ондогон элиталык делген батирлери, эбегейсиз байлыгын бар экенин да айтты. Ал турсун Дубайда, Түркияда дагы бар дейт. Эми текшерүү жүргүзүлөбү?» деген суроо берилди.

Садыр Жапаров текшерип көрсүн деп жооп берди. «Качан алган? Кайсы акчага алган баарын текшерип көрүшсүн. Эгер акыркы үч жылда алган болсо, анда конфискация кылабыз, жазалайбыз. Себеби 2020-жылга чейин мен билгенден Алымкадыр Бейшеналиевдин Дубайда, Түркияда батирлери жок болчу», — деп жооп берди.

Эске салсак, кечээ, 3-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу Алымкадыр Бейшеналиевдин айланасында кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар адамдар иштеп жатканын билдирген. Аны өзүн коррупциялык иштерге айыптаган.

Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 14-марттагы жыйынында “саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деп сындаган.

Бейшеналиев Коргонбай уулуну сотко берген.

Алымкадыр Бейшеналиев бир жыл мурда саламаттык сактоо министри кызматынан президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен бошотулган жана 7 айдан кийин кайра дайындалган.

Башкы прокуратура Бейшеналиевди коронавируска каршы вакцина сатып алуудагы коррупцияга байланыштуу кармап, ага карата 7 кылмыш ишин козгогон. Андан соң министр ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетилген.

2022- жылы 16-августта Бейшеналиевге вакцинага байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулганын анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирген. Ал ички иштер министрлиги кылмыштын курамы жок болгондуктан ушундай чечим чыгарганын белгилеген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты