Мамлекеттик цирктин директору Фархад Бекманбетов кызматтан кетти

  • 11 месяцев мурун

Абубакир Изибаев атындагы мамлекеттик цирктин директору Фархад Бекманбетов кызматтан кетти. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу Бекманбетовдун өзүнө шилтеме берип жазды.

Мен циркке жетекчи болуп иштеген төрт жыл ичинде өзүбүздүн өнүгүү концепциябызга ылайык циркти реформалоо, оңдоп-түзөө боюнча бир топ иштерди аткара алган жокпуз. Анткени 4 жыл ичинде 4 маданият министри алмашты. Алардын ар кимисинин циркти реформалоо боюча өз ой-пикири бар. Буга чейин оңдоп-түзөө иштерине бир дагы сом бөлүнгөн жок. Акча бөлүнбөсө жылыш болбойт. Кызматтан өзүм арыз жазып кеткенимдин себеби ушул болду”, — деп билдирген Бекманбетов.

Фархад Бекманбетов мамлекеттик циркти 2019-жылдын январь айынан бери жетектеп келген.

Циркте 20 жылдан бери иштеп келе жаткан каскадёр Асланайым Аширова имарат кейиштүү абалда экенин, жетекчилик тараптан айрым кызматкерлерге куугунтук болуп жатканын социалдык тармактарга чыгарып келет. Бекманбетов өзүнө карата айтылган дооматтарды четке каккан.

2022-жылы маданий жайдын капиталдык ремонтунун жалпы чыгымы үчүн 211 млн. сомдон ашык каражатка смета даярдалып, өкмөткө көрсөтүлгөн. Өкмөт убада кылып келгени менен ушуга чейин акча бөлүнгөн эмес.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты