Коргоо министри кызматына Руслан Мукамбетовдун талапкерлиги жактырылды   

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 21-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында коргоо министри кызматына шайлоо үчүн Руслан Мукамбетовдун талапкерлиги жактырылды. 

Талкуу маалында депутат Таалайбек Сарыбашов жаштарды аскердик кызматка кызыктыруу багытында кандай иштер жүргүзүлөрүн сурады. Ал эми депутат Камила Талиева чек арага жакын жайгашкан аймактарга, айрыкча Баткен облусуна аскерлерди даярдаган окуу жайларды ачууну сунуштады. 

Депутат Надира Нарматова аскер бөлүктөрүндөгү «чоңсунуу» маселесине көңүл бурду. Аны менен бирге мектептердеги аскерге чейинки даярдык сабактары үчүн жаңы программа иштеп чыгып, атайын тажрыйбалык аянтчаларды ачууга чакырды. 

Руслан Мукамбетов Коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Сүрөттө: Руслан Мукамбетов. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты