Руслан Бийбосунов Екатеринбургдагы башкы консулдуктан бошотулду
- 2 weeks мурун
Руслан Бийбосунов Россиянын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын башкы консулу кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.
Руслан Бийбосунов Россиянын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын башкы консулу болуп мындан төрт жыл мурда дайындалган.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү