Өрттөн эки жеткинчек кыз жабыркады

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын Серпухов көчөсүндөгү турак үйдүн чатырынан чыккан өрт кечээ түнү саат 20:23тө толук өчүрүлдү. Өрттөн 11 жана 12 жаштагы эки кыз жабыркады.

Тилсиз жоонун кесепетинен 12 жаштагы К.Э аттуу кыз иске ууланып, 11 жаштагы Н.Т аттуу кыз көзүнөн жаракат алган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди

Жабыркагандар куткаруучулар тарабынан тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди.

Маалым болгондой, Бишкектин Биринчи Май районунун Серпухов көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн чатырынан өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө куткаруучулар саат 17:58де тартылып,  саат 20:23тө өчүрүлдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты