Мөңгүлөр жана криосфера: Бонндо Кыргызстандагы Абрамов мөңгүсү жок болуп кетиши мүмкүндүгү белгиленди  

  • 4 месяца мурун

Бонн шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (БУУ КӨАК) — SB64 алкагында 64-сессия 9-июнда ишин баштады. Ага дүйнөнүн 190 өлкөсүнөн келген делегаттар катышууда. 

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.

Анда айтылгандай, иш-чаранын максаты – климаттык чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз түзүү жана Анталия шаарында өтө турган COP31 климаттык саммитине даярдык көрүү. 

Кыргыз Республикасынын президентинин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова жетектеген делегация сессиянын ишине катышууда. Кемелова Тоолуу өлкөлөрдүн тобун түзгөн 11 мамлекеттин атынан Тоолуу өлкөлөр тобунун төрайымы катары пленардык жыйында сөз сүйлөп, климаттын өзгөрүшүнө эң көп дуушар болгон тоолуу мамлекеттердин климаттык каржылоого, заманбап технологияларга жана жаратылыш кырсыктарын алдын ала божомолдоочу эрте эскертүү системаларына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө чакырды. 

Бонн конференциясынын алкагында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын аткаруучу катчысы Саймон Стилл, конвенциянын көмөкчү органдарынын жетекчилери, ошондой эле COP31 конференциясынын төрагалыгын аткара турган Түркия жана Австралиянын өкүлдөрү менен көп тараптуу консультациялар өткөрүлдү.

Мөңгүлөр жана криосферага арналган тематикалык иш-чарада Динара Кемелова Кыргызстандын мөңгүлөрдү коргоо боюнча эл аралык демилгелери тууралуу айтып берип, гляциолог адистерди даярдоо жана мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. 

Иш-чарада эл аралык эксперттер мөңгүлөрдүн эришине байланыштуу ар кандай сценарийлерди сунуштады. Анын ичинде эгерде 2100-жылга чейин дүйнөдөгү орточо температура 2,7°Сге жогоруласа, толугу менен жок болуп кетиши мүмкүн болгон Кыргызстандагы Абрамов мөңгүсүн мисал келтиришти. 

Мөңгүлөр жана криосфера: Бонндо Кыргызстандагы Абрамов мөңгүсү жок болуп кетиши мүмкүндүгү белгиленди  

Сүрөт: Бонн шаарындагы конференцияда. president.kg

Баш сүрөттө: Абрамов мөңгүсү. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты