Республикалык тестирлөөгө каттоо 6-апрелде аяктайт

  • 1 год мурун

Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) каттоо 6-апрелде аяктайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Тестке катоо мектепте окуган абитуренттер үчүн окулган жайларда уюштурулуп, мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнөн өтүшөт.

Катоодон өтүү үчүн керек болгон документтер:

-паспорт (же,паспорт ала элек болсо,туулгандыгы жөнүндө күбөлүк);

-орто билим жөнүндөгү аттестат(мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн);

-ЖРТга каттоо акысы төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;

-талаптарга ылайык келген электрондук сүрөт.

ЖРТга каттоо 2023-жылдын 27-февралында башталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты