Раззаков шаарындагы кыш чыгаруучу завод мамлекетке кайтарылды

  • 1 месяц мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 1994-жылы жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен, мамлекеттин үлүшү 30% болгон ар кандай үлүш жерлери бар Раззаков кирпич заводунун аймагы мамлекетке кайтарылды.

УКМК басма сөз кызматыбилдиргендей, бул аралыкта мамлекет менчиктештирилгенден бери «АООТ-Исфана» компаниясынан кандайдыр бир дивиденд алган эмес.

Мындан улам «АООТ-Исфана» ААК акционерлери жана төрагасы А.Д. Анарботоев менен жүргүзүлгөн  тиешелүү иштердин жыйынтыгы боюнча Раззаков шаарындагы базар баасы 226 млн. 44 миң сомдук кыш заводу 12558,0 м2 жер тилкеси менен ыктыярдуу түрдө Раззаков шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты