Райондук сот парламенттин экс-депутаты Канатбек Исаевди камакта калтырды
- 2 месяца мурун
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 2-декабрда Жогорку Кеңештин экс-депутаты, экс-спикери Канатбек Исаевди 2025-жылдын 27-январына чейин камакта калтырды.
Анын камактагы мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү бергендиги белгиленди.
Бишкектин Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Канатбек Исаевдин бөгөт чарасын карап, аны 4-декабрга чейин камакка алган.
22-ноябрда Жогорку Кеңештин экс-депутаты, экс-спикери Канатбек Исаевдин 20-ноябрда кармалганы белгилүү болгон. Канат Исаев кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси, уюшкан кылмыштуу топту же кылмыштуу жамаатты каржылоого байланыштуу экени айтылды.
Сүрөт: RFE/RL
Муну бөлүшүү