Райондук сот Имамидин Ташовду 9 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды
- 11 месяцев мурун
Бүгүн, 25-июлда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда ишкер Имамидин Ташовдун иши боюнча сот отуруму өттү. Сот Имамидин Ташовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды.
Бул тууралуу анын адвокаты Асел Аргымбаева «ПолитКлиника» медиасына билдирди.
Адвокат Асел Аргымбаеванын айтымында, мамлекеттик айыптоочу Имамидин Ташовду жалпысынан үй-мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратууну суранган.
2024-жылы 6-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту ишкер Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтүн 8-февралга чейин узарткан. Андан бери камактагы мөөнөтү улам узартылып келе жатат.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коопсуздук чараларынын натыйжасында 2024-жылы 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн Имамидин Ташов кармалган.
«Ташов Кыргызстан жана Казакстандын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды» деп айтылат УКМК маалыматында.
2023-жылдын 26-октябрында тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде «О» ЖЧКсынын ээси Имамидин Ташов кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.
“Ар кандай нерсе менен коркутуп көрүштү. Ноябрь айында да мага илешкис иштерди токуп, отуруп, камап да көрүштү, 52 миллион төктүрүштү, сол чөнтөккө 100 миллион бересиң деп араң чыгарышты” деди Имамидин Ташов.
Сүрөт: 14-январь 2025-жыл. «ПолитКлиника»




