Райондук сот Аскат Жетигенди бийликти басып алуу чакырыгы боюнча үч жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды   

Бүгүн, 1-июлда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту ырчы, активист, Аскат Жетигенге өкүмдү угузду. Аскат Жетиген массалык башаламандыктар беренеси боюнча акталып, бийликти куч менен басып алук беренеси менен 3 жылга кесилди.

Свердлов райондук соту, судья Сыдыков тарабынан Аскат Жетигенди кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси, массалык башаламандыктарга чакырык боюнча актоо чечимин чыгарды, ал эми 327-берене, бийликти басып алууга чакырык боюнча үч жылга эркинен ажыратуу чечими чыгарылды. Бул тууралуу «ПолитКлиниканын» кабарчысы билдирди жана адвокат Самат Матцаков тарабынан тастыкталды.

1-июлда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда ырчы, активист Аскат Жетигендин соту улантылды.

“Мен мурда 25-июнда айткандай эле, мага коюлган күнөөлөрдү четке кагам. Себеби менин кайрылууларымда элди башаламандыкка же бийликти күч менен басып алууга эч кандай чакырык жок. Иш адилеттүү каралса, мен сотто отурбайт элем. Анткени бул айып пул менен кутула турган иш” деди Аскат Жетиген сотто.  

Аскат Жетигенге коюлган 327-берене, бийликти басып алууга чакырык боюнча — 4 жыл, 278-берене, массалык башаламандыктарга чакырык боюнча — 6 жыл, кыскартып жана жалпылап, 8 жыл эркинен ажыратууну суранды.

Аскат Жетиген УКМК 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келинген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

20-мартта УКМК Аскат Жетигенге иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи Май райондук соту аны 19-майга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Учурда Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси — 2020-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси — быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакырык») менен козголгон.

Сүрөт: «ПолитКлиника». 1-июль 2024-жыл.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты