Райондук прокурордун орун басары пара алууга шектелип кармалды

  • 2 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Талас облусунун райондорунун биринин прокурорунун орун басары С.К.О. пара алууга шектелип кармалгандыгын билдирди.

УКМК басма сөз кызматы тараткан маалыматта, С.К.О. мыйзам талаптарын одоно бузуп, кызмат абалынан кыянат пайдаланып, мурда пробацияга жана айып пул санкцияларына кесилген адамдарга басым жасап, соттун өкүмүнө даттануу аркылуу  реалдуу эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындатам деп коркутуп, алардан дайыма акча талап кылганы аныкталгандыгы айтылат.

1-февралда УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Башкы прокуратуранын коопсуздукту камсыздоо бөлүмүнүн өкүлүнүн катышуусунда С.К.О. 140 миң сом паранын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалган.

Учурда С.К.О. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты